Ош облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармадыКремль ЕБ санкциялары тууралуу: Бишкек Москва менен болгон мамилесинде өз кызыкчылыктарын көздөйтКореяда иштеп келген кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун алышууда — орточо эсеп менен 3 789 доллардан
Май майрамдарына карата Панфилов паркы ачылат
30.04.2025 | 09:29
Бишкек шаарынын мэри май майрамдарына карата Панфилов паркын ачууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле парктын администрациясына дагы үч ай иштөөгө уруксат берилди. Муну менен бирге аттракциондорду талапка ылайык иштетүү, көрктөндүрүү, бардык санитардык нормаларды сактоо шарттары коюлду.
Эске салсак, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 19 жаштагы туулган кыз кулап кетип, оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул окуядан улам 1-апрелден тарта парктын бардык механикалык аттракциондорунун иши убактылуу токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом