Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер дайындалды
30.04.2025 | 12:22
Бүгүн, 30-апрелдеги парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жылдыз Садырбаеванын талапкерлигин 76 депутат колдогон.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Жамиля Исаева иштеп келген. Ал 28-апрелде аталган кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат