«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Жогорку Кеңешке жаңы вице-спикер дайындалды
30.04.2025 | 12:22
Бүгүн, 30-апрелдеги парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жылдыз Садырбаеванын талапкерлигин 76 депутат колдогон.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Жамиля Исаева иштеп келген. Ал 28-апрелде аталган кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат