Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкекте 10-кабаттан 19 жаштагы кыз секирип, мерт кетти
02.03.2020 | 13:12
Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен секирип кеткен кыз каза болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу 1- мартта түнкү саат 01.00 Биринчи Май райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барган учурда 2001-жылы туулган С.В аттуу кыз 10 кабаттын балконунан секирип кеткен. Келген тез жардам унаасынын дарыгерлери кыз алган жаракатынан улам мерт кеткенин аныкташкан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине катталып, тергөө иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар