Кечээ, 8-майда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жолугушту. Си Цзиньпин Орусияга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн келген.
Лидерлер алгач кууш чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, андан кийин делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген форматта уланган.
Жолугушууда жыйынтыгында тараптар «Жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча» биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшкан.
Андан кийин эки өлкөнүн башчылары ЖМКлар үчүн билдирүү жасашкан. Анда Путин Си Цзиньпин менен сүйлөшүүсүн «жылуу түрдө, достук жана конструктивдүү атмосферада өттү, мазмундуу жана жемиштүү болду» деп баалаган.