Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Инспекторго баш ийбей, качып кеткен БМВнын айдоочусу айыпка жыгылды
11.05.2025 | 12:44
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна чыгышты.
Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө аталган жолдун 124-чакырымында (Боом капчыгайы) «БМВ» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыгы үчүн токтотулган. Бирок, айдоочу этибарга албай, инспекторго баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Унаа ошол эле жолдун 73-чакырымында (Токмок) кармалган.
Айдоочуну Чүй облусунун жол инспекторлору кармашкан. Ылдамдыкты ашырып, кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн ага 25 миң сом айып салынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар