Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевке катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров министрге мындай жазаны жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн берген.
Эске салсак, кечээ, 11-майда социалдык тармактарга аскерлерге зомбулук көрсөтүлүп жатканы тартылган видео тарап кеткен. Анда белгисиз бирөө аскердик форма кийген бир нече адамды башын ылдый каратып, жер сүздүрүп, сөгүп жатканы тартылган.
Аскер прокуратурасы ошол эле күнү, 11-майда «аскер кызматкерине карата офицер тарабынан зомбулук колдонуу фактысы» боюнча кылмыш иши козгогон.
«Бул кылмыш иши боюнча иликтөө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына тапшырылды жана иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Иштин жагдайларын толук жана ыкчам иликтөө максатында зомбулукка кабылган аскер кызматкерлери Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына жеткирилип, алардын катышуусунда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат»,- деп маалымдады Башкы прокуратура.
Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдыр министрлиги да маалымат таратып, ички иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылганын билдирди.