Талас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат«ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек мэриясынын «кара тизмесине» киргизилди — себептериАбактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгатКызыл-Кыяда чет өлкөлүк жаран гашишин сатып жаткан жеринен кармалды — БМЖККККыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалыматБишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам бар
Цементти импортоого киргизилген чектөө алынды
12.05.2025 | 10:08
Министрлер кабинети цементти Кыргызстанга импорттоого коюлган чектөөнү жокко чыгарды.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, 31-мартта кабыл алынган “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту.
Эске салсак, 31-мартта өкмөт айрым курулуш материалдарын өлкөгө импорттоого 6 айга тыюу салган. Анда боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушул сыяктуу гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо) импорттоого чектөө коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика