Кыргызстан жыл башынан бери 13 миң тонна сүт азыктарын экспорттоду

20.05.2025 | 13:35

Ушул жылдын январь-апрель айларынын аралыгында Кыргызстандан 13 002,4 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 005,3 тоннага (44,5%га) көп.

Экспорттолгон негизги сүт азыктары:

  • Каймак май – 863,4 тонна;
  • Балмуздак – 999,4 тонна;
  • Сыр – 662,3 тонна;
  • Кургак сүт – 363 тонна;
  • Шоро – 3,1 тонна;
  • Курут – 0,5 тонна.
Scroll to Top