Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бээжин спорт университети студенттерди кабыл ала баштады
20.05.2025 | 14:52
Бээжин спорт университети спорт жаатында билим алууга кызыкдар эл аралык студенттерден документтерди кабыл алуу баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган университет Кытайдын борбору Бээжин шаарында жайгашкан. Ал спорттук билим берүү тармагындагы алдыңкы билим берүү уюму болуп саналат.
Университет эл аралык студенттерге төмөнкү программаларды сунуш кылат:
- Даража ыйгаруу менен билим берүү программалары (бакалавриат, магистратура, докторантура);
- Даража ыйгаруусуз кыска мөөнөттүү билим берүү программалары (кытай тили жана салттуу согуш өнөрлөрү боюнча курстар).
Билим берүү программалары, окутуу талаптары жана арыз формалары жөнүндө толук маалыматтар англис тилинде бул шилтемеде.
Кошумча суроолор болсо, төмөнкү электрондук дарекке кайрылса болот: admission@bsu.edu.cn.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом