Аткезчилик, документтерди жасалмалоо — ТИМдин экс-башчысы Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактыларСокулукта 7 жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилди«Кыргызалтын» мамлекеттик бюджетке 18,7 млрд сом которотЖер айдоо, кой кыркуу боюнча чемпионаттар, көргөзмөлөр, концерт: Чүйдө «Айдоо Фест 2026» фестивалы өтөтДепутат мэрияны «Манас» кампусу аркылуу өтүүчү жолго альтернатива издөөгө чакырдыКыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы курамы шайланды
Түп районунда милиция кызматкери пара менен кармалды
27.05.2025 | 16:30
Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Түп милициясынын улук опер кызматкери, милициянын улук лейтенанты Б.А.Н. алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишини боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы менен коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жыйынтыгында, аталган милиционер 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
УКМК аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталганын билдирди.
Тергөөнүн жыйынтыгында ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар