Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Өзгөн районунда балык чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды
28.05.2025 | 16:18
Ош облусунун Өзгөн районунда жылына 15 миллион даана карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Цех Балык өнөр жай комплекси департаментине караштуу «Кыргыз балыгы» ишканасынын Өзгөн филиалында ачылган. Анын ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.
Цех жылына 15 миллион даана карп-сазан жана жылуу сууда өсүүчү балык чабактарын чыгарууга мүмкүнчүлүгүнө ээ. Долбоордун наркы 9 миллион сомду түзгөн.
Бул долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (TİKA) колдоосу менен ишке ашырылып, табигый шарттарга жакын кырдаалда балыкты жасалма көбөйтүү жана инкубациялоо боюнча заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом