Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Бишкекте 3-июнда эки жол кесилиши убактылуу жабылат
03.06.2025 | 09:49
Бүгүн, 3-июндан 10-июнга чейин жолдорду реабилитациялоо иштеринин алкагында Медеров/Жукеев-Пудовкин жана Медеров/Элебаев көчөлөрүнүн кесилиштери унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Унаалардын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында Матросов көчөсү айланма жол катары колдонууга берилет.
Мэрия жол тыгындарын алдын алуу үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом