Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Япония Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин окутууга 2,8 миллион доллар бөлөт
03.06.2025 | 11:01
Япония өкмөтү Кыргызстандын 20 жаранын окутууга 399 миллион иен (2,8 миллион доллар) грант бөлөт. 2-июнда Жогорку Кеңештин комитети өлкөлөр ортосундагы тиешелүү келишимди жактырды.
Август айында 19 адам магистратурага, дагы бирөө докторантурага барат. Окуу мөөнөтү эки жыл болот. Катышуучулар 40 жаштан ашпаган жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес стажы болушу керек.
Стипендия программасы социалдык саясат, эл аралык коопсуздук, аймактык өнүгүү, бизнес, экология, энергетика, IT, эл аралык укук жана айыл чарба сыяктуу тармактарды камтыйт. Программа башталгандан бери 300дөн ашуун кыргызстандыктар окуудан өтүштү.
Рубрики: Жаңылыктар