Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Майыптуулук жөнүндөгү маалым кат электрондук форматка өттү
02.07.2025 | 13:48
2025-жылдан тарта Кыргызстанда майыптуулук жөнүндөгү маалым каттты алуу процедурасы толугу менен электрондук форматка өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл сайын 55 миңге жакын жаран майыптуулук боюнча маалым катты алат. Эми документ Tunduk порталында жеткиликтүү.
Процесс кантип иштейт:
- Жаран жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылат.
- Организмдин функцияларынын бузулушун диагноздоодон жана ырастоодон кийин, негиздер болгон учурда, дарыгер МСЭКке электрондук жолдомо түзөт (088 формасы).
- Бардык керектүү документтер (күбөлүктөр, паспорттор, медициналык корутундулар ж.б.) жарандын катышуусуз эле электрондук түрдө жиберилет.
- Күбөлөндүрүү датасы белгиленет, анатомиялык дефекттер болгондо (мисалы, ампутация) ал жеке катышуусуз эле онлайн өтүшү мүмкүн.
“Буга чейин жарандарга алтыга чейин ар кандай маалым каттар тапшырылса, азыр алар бирдиктүү санариптик маалымат катка бириктирилди. Ошондой эле реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программалары электрондук форматка өткөрүлүп, Tunduk системасы аркылуу жеткиликтүү”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Маалым кат, майыптуулук