Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Кара-Балтада мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды
07.07.2025 | 15:23

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жалпы аянты 5 миңден ашык чарчы метрди түзгөн бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакча 1997-жылы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган. Кийин 2001-жылы бала бакчаны мыйзамдаштыруу жүрүп, ошол кездеги мамлекеттик органдардын чечимине ылайык, бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер түзүлгөн.
Кийинчерээк кайрадан мыйзам бузуулар менен ал жерге окуучуларды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөткөн авто мектеп ачылган.
“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, 4-июль күнү социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылды”,- деп билдирди атайын кызмат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: бала-бакча, мамлекетке кайтарылды