Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Салык кызматы пара менен кармалган кызматкерлерин жумуштан алды
09.03.2020 | 17:34
Пара алууга шектелип кармалгандыгы үчүн Ленин райондук салык башкармалыгынын жетекчиси жана эки кызматкери жумуштан алынды. Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Мекеме алардын жумуштан бошотулушун ишеничтен кеткендиги жана УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгы менен байланыштырды.
Бүгүн, 9-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы жана инспектору 5 миң доллар пара менен кармалгандыгын маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом