Бишкекте Айкөл Манаска арналган жаңы монумент ачылдыСадыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөт
Айзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылды
31.07.2025 | 17:00
Өзгөн райондук соту классташтары менен жолугушуудан кийин өз үйүндө атып өлтүрүлгөн Айзирек Эралиеванын иши боюнча өкүм чыгарды. Соттолуучу 18 жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Ал төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды:
- ЖКнин 122-беренеси, 2-бөлүк, 3-пункту – Адамды жардамсыз абалда өлтүрүү;
- ЖКнин 267-беренеси, 1-бөлүк – Травматикалык патрондор үчүн арналган куралды мыйзамсыз алуу, сатуу же алып жүрүү;
- ЖКнин 267-беренеси, 2-бөлүк – Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу же колдонуу.
Эске салсак, Айзирек Эралиева 2024-жылдын соңунда Өзгөн шаарындагы өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, коомдук коопсуздук жана куралга жеткиликтүүлүк маселесин кайрадан күн тартибине чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар