Кыргызстандык 14 жаштагы шахматчы дүйнө чемпионатында алтын утту

08.08.2025 | 12:18

Кыргызстандык жаш шахматчы Эдиса Бердибаева АКШда өткөн 2025-жылкы окуучулар арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк командалык чемпионатта (WSCT 2025) өзүнүн үчүнчү тактада ойногон оюнунда алтын медалга ээ болду.

Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясынын командасы Кыргызстандын атынан чемпионатка катышып, өлкө ичиндеги тандоо турунда жеңишке жетишкен. Жалпысынан турнирге дүйнөнүн 50дөн ашык командасы катышып, Кыргызстандын командасы жалпы рейтингде 28-орунду ээледи.

Команда курамы:

  • Зарылыков Эрхан – 1-коллегия
  • Элим Кеңешбеков – 2-коллегия
  • Эдиса Бердибаева – 3-коллегия (жеке эсепте 1-орун)
  • Медет Жапаров – делегациянын жетекчиси.
Scroll to Top