Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүп, этин бышырган деп шектелип кармалдыКыргыз режиссерунун “Курак” тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышатЭсеп палатасынын инспектору пара менен кармалдыЧет жерлердеги аскердик окуу жайларга өткөн курсанттар ант бериштиКүзөт жана коштоо департаментине заманбап техникалар тапшырылдыЧолпон-Атада Кыргызстан менен Орусиянын агартуу министрлери жолугушту
Саламаттык сактоо министрлиги медиктерди ишке чакырып, кошумча төлөмдөрдү жарыялады
18.08.2025 | 12:04

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана жаш адистерди ишке тартуу үчүн каржылык жана социалдык колдоолорду сунуштады. Бул тууралуу министрлик маалымат таратты.
Ага ылайык, алыскы райондорго, чакан шаарларга жана айылдарга жиберилген педиатр, неонатолог, жалпы хирург, анестезиолог-реаниматологдорго:
– айына 20 миң сом компенсация;
– туруктуу иштегендерге квартал сайын 66 миң сомдон кошумча төлөм төлөнөт.
- Бишкек жана Ош шаарларындагы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине – 20 миң сом компенсация.
- Аймактарда ординатурадан же интернатурадан өтүп жаткандарга – 20 миң сом стипендиялык колдоо.
Мындан сырткары, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү, социалдык пакетке кепилдик берилет.
Рубрики: Жаңылыктар