Ошто “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” педагогикалык форуму башталды

Бүгүн, 18-августта Ош шаарында “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымат таратты.
Иш-чара Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулуп, билим берүү тармагындагы жылдын эң башкы окуясына айланды.
Форумга 400дөн ашуун катышуучу катышты: мугалимдер, мектеп директорлору, бала бакчалар жана кесиптик лицейлердин кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Коноктордун катарында президенттин администрациясынын өкүлдөрү, облустардагы өкүлдөр жана алардын орун басарлары, Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк, Европа Биримдиги, Ага Хан фонду жана БУУнун өкүлдөрү бар.
Форумдун максаты – “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында билим берүүнү трансформациялоонун артыкчылыктарын жана натыйжалуу механизмдерин талкуулоо. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун видео кайрылуусу менен ачылып, реформалардын стратегиялык мааниси жана мугалимдердин келечек муунду даярдоодогу ролу белгиленди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана президенттин администрациясынын орун басары Азамат Кадыралиев сөз сүйлөп, мамлекеттин заманбап мектептерди жана бала бакчаларды курууга, педагогдорду колдоого жана билим берүүгө инвестицияларды көбөйтүүгө болгон басымын белгилешти. Реформанын негизги багыттары катары 12 жылдык окутууга өтүү, STEM багыттарын киргизүү жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү белгиленди.