Бишкекте “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт

20.08.2025 | 17:41
Чокон Валиханов тууралуу даректүү тасмадан үзүндү

21-августта Бишкек шаарындагы Технопаркта улуу ойчул жана агартуучу Чокон Валихановго арналган “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Тасма Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында уюштурулган Кыргыз–Казак жаштар форумунун расмий программасында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, даректүү тасманы “Манас” улуттук академиясы жана “Барсбек Глобал” прадакшн биргеликте тарткан.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу ошондой эле маданият тармагынын өкүлдөрү жана жаштар катышат.

Өткөрүлүүчү орду: Бишкек шаары, Горкий көчөсү 1/2, Техно Парк, 2-кабат

Өткөрүлүүчү күнү, сааты: 21-август, 09:00 – 12.00

Scroll to Top