Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Нарындагы фермерлерге 3 млн сомдук сүт жабдыктары берилди
21.08.2025 | 13:38

Бүгүн Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук сүт жабдыктары берилгенин Президенттин Нарын облусундагы Өкүлчүлүгү кабарлады.
Бул долбоор Дүйнөлүк банк каржылаган «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Жабдыктардын катарына 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана мал алдына төшөөчү желим килемчелер кирет. Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков жана фермерлер катышты.
Жабдыктар сүт секторундагы фермерлердин ишин жеңилдетип, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар