Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болот
Бишкекте этти кымбат баада саткан жаранга 13 сом айып салынды
22.08.2025 | 12:48

Бишкектин тургуну этти мамлекеттик баадан жогору сатып жатканы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Жеке ишкер У.Г.га 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкер эттин (уйдун жана козунун эти, сөөктүү бөлүктөрү) баасын мамлекет тарабынан жөнгө салынган деңгээлден жогорулатып саткан. Айып «Жоруктар жөнүндө кодекстин» 290-беренесине ылайык салынган.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев буга чейин эттин дүң жана чекене баасын түшүрүү боюнча тапшырмалар берген. Анын ичинде:
- эттин чекене баасын 700 сомдон төмөн кармоо,
- мамлекеттик ишканалар аркылуу чет өлкөдөн уй этин алып келүү,
- ветеринардык жана чек ара кызматтары тарабынан көзөмөлдү күчөтүү,
- аткезчиликке каршы күрөшүү чаралары кирет.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, мамлекеттик көзөмөлдөн кийин эттин базардагы баасы акырындык менен төмөндөй баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар