«Жеңиш» чокусундагы альпинист аялды куткаруу иштери уланууда

Россиялык альпинист Наталья Наговицына «Жеңиш» чокусунда бир нече күндөн бери кармалып турат. Куткаруу операциясы аба ырайынын оор шарттарына байланыштуу татаалдашууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын орун басары Болот Шаршеналиевдин айтымында, тик учак чокунун бийиктигине жете албай жатат. Жабыркаган альпинистке жардамга сегиз профессионал альпинист жөнөтүлгөн. Азыр алар деңиз деңгээлинен 6000 метрден жогору бийиктикте турушат.
ӨКМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Адил Чаргынов Наговицынанын өлүмү тууралуу маалыматтарды негизсиз божомолдор деп билдирди.
Буга чейин Коргоо министрлиги бир нече куткаруу операциясын жүргүзүп, анын жүрүшүндө 62 альпинист менен турист куткарылган. Издөө-куткаруу иштери азыр да уланууда.
Эске салсак, Наговицына 47 жашта, ал «Жеңиш» чокусунда бутун кокустатып алып, катаал аба ырайынан улам кармалып турат.