Борбор Азия өлкөлөрү биринчи жолу Ооганстан маселелери боюнча жыйналыш өткөрүштү

27.08.2025 | 13:25

26-августта Ташкентте Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн Ооганстан маселелери боюнча алгачкы консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууну Өзбекстан демилгелеген. Анда катышуучулар Ооганстан маселесин чечүүдө Борбор Азия менен Ооганстандын геостратегиялык абалын, тарыхый жана маданий-экономикалык байланыштарды эске алуу менен өз алдынча мамиле жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн билдиришкен.

Жолугушууда тараптар Борбор Азия менен Ооганстан ортосунда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү зарылдыгын белгилешкен. Ошондой эле терроризмге, баңги заттарын сатууга жана трансчек аралык кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоону күчөтүүнү макулдашышкан.



Scroll to Top