Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду
Ошто милиция кызматкери саптык кароо маалында кармалды
27.08.2025 | 16:21

Ош шаарында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, милициянын капитаны 2024-жылдын ноябрында кылмыш ишин оң чечип берүүнү убада кылып, жарандан 220 миң сом, 5 миң рубль жана 5,5 миң АКШ долларын алган.
20-август күнү Мады айылдык милиция бөлүмүнүн саптык тизилүүсү маалында ал УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар