Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Ооганстан беш өлкөгө транспорт боюнча атайын кеңешчилерди жиберди
27.08.2025 | 17:06

Талибандын Транспорт министрлиги Өзбекстан, Иран, Пакистан, Түркмөнстан жана Тажикстанга транспорт жана логистика боюнча кеңешчилерин жиберди. Бул тууралуу IRAF маалымат порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чара Ооганстандын жарандары үчүн соода байланыштарын жакшыртуу жана кызматтарды жеңилдетүү максатында жасалууда.
“Ооганстан импорт жана экспорт үчүн коңшу өлкөлөрдүн кургактык жолдоруна катуу көз каранды болгондуктан, ооган соодагерлерин дүйнөлүк рыноктор менен байланыштыруу үчүн аймактык кызматташтыкка жана соода коридорлорун өнүктүрүүгө муктаж. Бул кеңешчилердин негизги милдети — транзиттик тоскоолдуктарды жоюу, экспорттун өсүшүн колдоо жана Афганстандын эл аралык рынокторго жетүүсүн кеңейтүү”- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар