Кыргызстандык мектеп окуучусу Түндүк уюлду багынтты

Кыргызстандык 16 жаштагы Бермет Усенова «Билим муз жаргыч» эл аралык экспедициясынын алкагында ядролук муз жаргыч кемеде Түндүк уюлга жеткен алгачкы кыргызстандык мектеп окуучуларынын бири болду.
TSI БААУ Инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти болгон Бермет 471 катышуучунун ичинен онлайн сынактын жеңүүчүсү аталып, Арктикага болгон уникалдуу сапарга мүмкүнчүлүк алды.
Экспедиция 2025-жылдын 17-августунда географиялык Түндүк уюлга жетип, 22-августта Мурманск шаарына ийгиликтүү кайтып келди.
Белгилей кетсек, саякат «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган жана “Жеңишке 50 жыл”атомдук муз жаргыч кемесинин бортунда өткөн.

Бул ирет экспедицияга дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 66 таланттуу мектеп окуучулары катышып, алар илим, жогорку технологиялар жана Арктиканын өзгөчө экосистемасы менен таанышышты. Программанын алкагында катышуучулар планетардык роверлердин (Росатом жана Роскосмос тарабынан) сыноолоруна күбө болушту.
“Бул жөн гана экспедиция эмес, чыныгы керемет болду. Арктикадагы табият, уникалдуу эл аралык команда жана илимий тажрыйбалар мен үчүн жаңы дүйнөнүн эшигин ачты”, – деди Бермет Усенова.
Маалымат үчүн: «Билим муз жаргычы» бул«Росатом» мамлекеттик корпорациясы жана Атомдук энергия боюнча маалымат борборлорунун (NIACE) демилгеси менен уюштурулган эл аралык билим берүү долбоору. Максаты табигый илимдерди жайылтуу, таланттуу жаштарды аныктоо жана алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү. Быйылкы экспедиция Россиянын атомдук өнөр жайынын 80 жылдыгына жана Түндүк деңиз жолунун ачылышынын 500 жылдыгына арналган.