Ат-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылдыБишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүнАла-Букада райондук соттун жаңы имараты ачылдыОрусиядан Кыргызстандын мектептери үчүн 671 миң окуу китеби келди
Ош шаарындагы Исанов жана Навои көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
27.08.2025 | 17:39

Бүгүн, 7-августта Ош шаарындагы Насирдин Исанов жана Навои көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Көчөлөрдүн ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Маалыматка ылайык, Навои көчөсү 6 тилкелүү болуп салынган. Көчөнүн узундугу 2,6 чакырымды, ал эми туурасы 26 метрди түзөт. Жакынкы убакта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулары айтылды.
Ал эми Насирдин Исанов көчөсү да жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 тилкелүү болуп кеңейтилген. Көчөнүн узундугу 5 чакырым, кеңдиги 18 метрди түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом