Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Бишкектеги студенттер 15-сентябрга чейин онлайн окушат
27.08.2025 | 18:02

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрга чейин аралыктан окуйт. Бул маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тастыктады.
Бирок министрлик онлайн окутуунун себебин тактаган жок, кеңири маалымат кийинчерээк берилери айтылды.
Мунун алдында социалдык тармактарда ЖОЖ жетекчилеринин тобуна жөнөтүлгөн маалымдама тараган. Анда тиешелүү тапшырма Министрлер Кабинетинен берилгендиги көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар