Ошто муниципалдык такси кызматы тесттик режимде иштей баштады

28.08.2025 | 09:40

Ош шаарында муниципалдык такси кызматы тесттик режимде иштеп баштады. Алгачкы бир жума ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир жума өткөндөн кийин автоунаалар акы ала баштайт. Учурда линияга 5 машина чыгарылган:

  • 2 VIP класстагы,
  • 2 “комфорт”,
  • 1 “эконом”.

Жакынкы күндөрү ар бир жума сайын 10дон жаңы унаа кошулуп, алардын жалпы саны 50гө жетет.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top