Бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Баткенде жаран кармалдыЭкономика министрлиги Орто коридордун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып бердиСалык кызматынын башчысы АКШда көк бөрү курама командасынын турнесин уюштурууну сунуштадыЖаңы багыттар жана долларсыз эсептешүүлөр: эксперт ШКУ менен БРИКСтин келечеги тууралуу24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйтКыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлат
Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө ысык суу өчөт
28.08.2025 | 09:15

Бүгүн, 28-август күнү саат 16:00гө чейин күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында диаметри 700 мм болгон жылуулук тармагындагы бузулууларды жоюу үчүн ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы билдирди.
Ысык суу төмөнкү даректер боюнча чектелет:
- Шабдан Баатыр көчөсү, 41б;
- Акылбеков көчөсү, 53;
- Воронежская көчөсү, 1-16;
- Кишиневская көчөсү, 50, 47, 43, 80;
- Фрунзе көчөсү, 59, 55, 50, 52, 107, 165, 167;
- Курманжан Датка көчөсү, 76, 109а, 111, 113, 115;
- Салиева көчөсү, 192, 182, 186, 143, 147, 149, 145, 145а, 154;
- Буденов көчөсү, 124, 103а, 77а, 91б, 143а, б, 95а, 77, 75;
- Комсомол тар көчөсүндөгү жеке сектор;
- №5 ҮМБ.
Мекеме жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар