Си Цзиньпин менен Модинин жолугушуусу: Кытай менен Индия кызматташууга кызыкдар

31-августта Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жолугушту. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Си Цзиньпин Кытай менен Индия жакшы коңшулар, достор жана бири-биринин ийгилигине көмөк көрсөткөн өнөктөштөр болушу керектигин белгилеген.
Ошондой эле Си Цзиньпин бул жылы кытай-индиа дипломатиялык мамилелеринин орнотулганынын 75 жылдыгы белгиленерин эске салып, эки өлкө көп борборлуу дүйнөнү түзүү жана эл аралык мамилелерди демократиялаштыруу максатында биргелешип иштеши керектигин айткан.
Өз кезегинде Нарендра Моди Индия менен Кытай атаандаш эмес, өнөктөш экенин, эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуу пикир келишпестиктерден жогору экенин белгилеп, Индия эки тараптуу байланыштарды узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал эки өлкөнүн чек ара аймактарында тынчтык жана туруктуулук сакталганын, жакында түз аба каттамдары калыбына келтириле турганын кабарлаган.