Соцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалдыСуусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди
Камчыбек Ташиев: Мугалимдер арак ичпеши, тамеки чекпеши керек
01.09.2025 | 15:55

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мугалимдердин жүрүм-турумуна токтолуп, алардын коомдогу жоопкерчилиги жогору экенин белгиледи.
УКМК төрагасы Жалал-Абаддагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 мектептин жаңы имаратынын ачылышынан кийин мектеп директору менен сүйлөшүп, мугалимдик жумушка татыктуу кадрларды алуу керектигин айткан.
«Мугалим тамеки чекпеши керек. Бир дагы мугалимдин бир жерде отуруп арак ичкенин көрбөшүбүз керек. Мектепте эле эмес, башка жерлерде дагы. Андай мугалимди мектепке албагыла. Балдарга билим, тарбия берсин дейбиз», — деди Ташиев.
Рубрики: Жаңылыктар