Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Казакстанда ШКУнун суу көйгөйлөрүн изилдөө борборун түзүү сунушталды
01.09.2025 | 17:12

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУнун суу көйгөйлөрүн изилдөө борборун Казакстанда түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин жыйынында билдирген.
Токаев өз сөзүндө климаттык чакырыктар чек араларды тааныбай тургандыгын жана дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине жана аймактарына зыян келтирип жатканын айткан.
“Чыныгы коркунучтарга, мисалы, чөлдөшүү, кургакчылык, суу сактагычтардын соолушу, мөңгүлөрдүн эриши жана башка экологиялык көйгөйлөргө каршы натыйжалуу стратегияларды чогуу иштеп чыгуу маанилүү. Ошондуктан биз Казакстанда ШКУнун суу көйгөйлөрүн изилдөө борборун түзүүнү колдойбуз, – деп билдирген Токаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат