Ажатканада 4 миң доллар параны өрттөп жиберген Оштун соту менен прокурор кармалды

04.09.2025 | 12:40

Ош шаарында сот жана прокуратура кызматкери 4000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ырастады.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. жарандан кылмыш ишин оң чечүү үчүн пара талап кылышкан. Прокуратура кызматкери бул иште ортомчунун ролун ойногону аныкталган.

Эске салсак, 2025-жылдын 29-июлунда И.С.К. арыз ээсинен акча алып жаткан учурда кармалган. Ошол эле күнү судья С.Р.Ш. батирине жашынып, мурда пара катары алынган акчанын бир бөлүгүн ажатканада өрттөөгө аракет кылган.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык жана техникалык-криминалистикалык экспертизанын жыйынтыгында өрттөлгөн банкноттордун АКШ доллары экендиги тастыкталган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top