Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Нарын – Бишкек аба каттамы 26 жылдан кийин жанданды
04.09.2025 | 15:38

Asman Airlines компаниясынын учагы Нарынан алгачкы жүргүнчүлөрүн Бишкекке алып учту. Бул менен Нарын – Бишкек аба каттамы 26 жылдан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу аэропорттон кабарлашты.
Маалыматка караганда, Нарындагы аэропорт толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрлик жаңы аэробекет курулган. Ошондой эле учуп-конуу тилкеси толугу менен оңдоп-түзөлүп, асфальт төшөлдү.
Аэропорттун расмий ачылышы 8-сентябрга пландалып, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
Жаңыдан жанданып жаткан каттам Нарындагы тургундардын каттоосун жеңилдетип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар