Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
ЕЭК сүт азыктарынын эл аралык стандарттары боюнча жаңыланган программаны бекитти
04.09.2025 | 16:01

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясы Бажы союзунун «Сүт жана сүт продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча Программанын жаңы редакциясын бекитти. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
Программада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сунуштары жана 2022-жылы бекитилген мурунку версиянын аткарылышын эске алуу менен даярдалган.
Программанын жаңы редакциясына ылайык, 2029-жылдын аягына чейин 73 жаңы мамлекеттер аралык стандарт иштелип чыгат. Алардын ичинен 60 долбоорду Орусия, тогуз долбоорду Казакстан, эки долбоорду Армения даярдайт.
Мындан тышкары, улуттук сүт азыктарына байланыштуу эки стандарттын долбоорун Казакстан менен Кыргызстан чогуу даярдашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика