Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Ар бир балага 3000 сом. Бийик тоолуу аймактарга жөлөк пул киргизилди
05.09.2025 | 11:10

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайын 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Жаңы төлөм “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык ишке ашат.
Маалыматка ылайык, жөлөк пул төмөнкү шарттар менен берилет:
- Үй-бүлө бийик тоолуу, алыскы же өзгөчө статусу бар чек ара райондорунда жашашы керек;
- Төлөм үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага, төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин дайындалат;
- Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине же социалдык абалына карабастан берилет.
Министрлик бул мыйзамды аткаруу үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдап, президенттин администрациясына жөнөттү.
Рубрики: Жаңылыктар