Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Жакындары дарыгерлерди айыптоодо

05.09.2025 | 15:49

Чолпон-Ата шаарындагы төрөт үйүндө 34 жаштагы Басир кызы Элнура төрөттөн кийин каза болду. Окуя бүгүн таңга маал болгонун анын жолдошу Дөөлөтбек Жылкыбаев Reporter.kg басылмасынын кабарчысына жеринен билдирди.

Анын айтымында, жубайы кесарево жолу менен төрөгөн, бирок дарыгерлер тараптан жетиштүү көңүл бурулбай, шалаакылык болгон. Бактыга жараша наристе аман калган.

«Эгер дарыгерлер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылганда жубайым аман калышы мүмкүн эле. Бул окуяны бийлик көз жаздымда калтырбай, акыйкат иликтөө жүргүзөт деп ишенем», — деди маркумдун жолдошу.

Маалыматка караганда, Элнура менен Дөөлөтбек буга чейин төрт балалуу болушкан. Каза болгон келин бешинчи баласын төрөгөндөн кийин көз жумду.

Учурда бейтапкананын жана тиешелүү кызматтардын аракеттерине байланыштуу иликтөө жүрөрү күтүлүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top