Баткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалууда
Бишкектеги бала бакчалардын иш графиги өзгөрдү, эми 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт
05.09.2025 | 16:00

Муниципалдык бала бакчалардын иштөө тартиби өзгөрүп, эми эртең менен саат 8:00дөн баштап 18:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы тартип быйыл май айында Министрлер кабинети бекиткен мамлекеттик стандартка ылайык киргизилди.
Буга чейин бала бакчалар 07:30дан 18:30га чейин иштеп келген.
Социалдык түйүндөрдө ата-энелер жаңы графикке нааразычылык билдирүүдө. Алардын айтымында, иш күнү 09:00дө башталып, 18:00дө аяктагандыктан, балдарын убагында жеткирүү жана алып кетүү кыйынга турат.
Рубрики: Жаңылыктар