Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
«Ашар бирикмеси» фондунун директору кайра кармалды
06.09.2025 | 12:14

Бишкек шаардык Свердлов РИИБи «Ашар бирикмеси» фондунун директору, 25 жаштагы К.А. аттуу жаранды кайрадан кармады. Ал алдамчылыкка шектелүүдө.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын бири милицияга арыз жазып, фонд директору «3 млн сомдук үй алып берем» деп убада кылып, 183 200 сомун алганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай келгенин билдирген.
Свердлов РИИБинин маалыматына караганда, учурда шектүүгө карата 11 кылмыш иши козголгон, дагы төрт иш тергөөгө чейинки текшерүүдө турат.
Жалпысынан бул кылмыш иштер боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын көлөмү 4 млн 681 200 сомду түзгөнү белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар