Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Көк бөрү. «Достук» Жогорку лиганын чемпиону болду
08.09.2025 | 08:36

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунда «Достук» командасы Жогорку лиганын чемпиону аталды.
Финалдык беттеште «Достук» менен «Ынтымак» командалары күч сынашып, негизги убакыт 4:4 эсеби менен жыйынтыкталды. Кошумча убакытта Кубаныч Султан уулу «алтын салым» таштап, «Достукка» жеңиш алып берди. Ал бул оюнда төртүнчү улакты салып, турнирдин мыкты оюнчусу деп да табылды.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште «Намыс» командасы «Шахтёрду» утуп, коло медалга ээ болду.
Мелдеш Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт