Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Казакстанда жаштардын эл аралык өзөктүк эко-лагери өтөт
08.09.2025 | 14:31

Казакстанда биринчи жолу Борбор Азиянын жаштары үчүн эл аралык өзөктүк эко-лагери өткөрүлөт. Долбоор тууралуу Алматыда өткөн «Энергия будущего» жаштар форумунда Диана Гамазова маалымдаган.
Лагерь «Борбор Азия үчүн атом энергиясы» долбоорунун негизги бөлүгү болуп саналат.
Иш-чарага ядролук илим, таза энергия жана туруктуу өнүгүүго кызыккан Борбор Азия мамлекеттеринен, анын ичинде Кыргызстандан жаш лидерлер, профильдүү университеттердин студенттери жана экологиялык активисттер катышат.
Катышуучуларды төмөндөгү программалар күтөт:
- Илимдин алдыңкы адистери жана өзөктүк энергия тармагынын эксперттери тарабынан лекциялар;
- Атомдук технологияларды колдонуу менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоордук сессиялар;
- Лидерлик, коммуникация жана инновацияларды башкаруу боюнча тренингдер;
- Декарбонизация жана энергия коопсуздугунда АЭСтин ролуна байланыштуу практикалык кейстер.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом