Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
U-23. Кыргызстан Шри-Ланка менен беттешет
08.09.2025 | 14:58

9-сентябрда Кыргызстандын U-23 (Олимпиадалык) курамасы 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо этабындагы чечүүчү оюнда Шри-Ланка менен күч сынашат.
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Оюнга чейин күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа уюштурулуп, ал 18:00дө старт алат.
Финалдык этапка жалпысынан 16 команда чыгат:
- турнирдин кожоюну Сауд Арабия автоматтык түрдө катышат;
- ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү болгон 11 команда;
- эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы 4 команда.
Финалдык баскыч 2026-жылдын январында Сауд Арабияда өтөт. Билеттерди TICKET.KG сайтынан сатып алууга болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын U-23 курамасы тандоо турун ийгиликтүү баштап, алгач Палестинаны 2:1 эсебинде уткан. Экинчи беттеште Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт