Өкмөттө “Майлуу-Суу” лампа заводун өнүктүрүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинде өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Майлуу-Суу лампа заводу” ишканасын мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында заводдун өндүрүштүк процессинин азыркы абалы, жабдууларды жаңылоо маселелери каралган. Ошондой эле продукциянын ассортиментин жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча чаралар талкууланган.
Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” калкты иш менен камсыз кылып, ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө салым кошкон өлкөдөгү олуттуу өндүрүш объектилеринин бири экенин белгилеген. Учурда ишканада 1000ден ашуун жергиликтүү тургун иштейт.
Кеңешменин жыйынтыгында жооптуу мамлекеттик органдарга ишкананын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген.