Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Москва-Бишкек багытындагы учакта кыргызстандык жаран ызы-чуу чыгарды
08.09.2025 | 16:25

Окуя 7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү «Урал аба жолдорунун» Москва–Бишкек каттамындагы учагында болгон.
Маалыматка караганда, учак көтөрүлгөндөн кийин 20 мүнөт өтпөй бортто ызы-чуу чыккан. Мас абалдагы жүргүнчүлөрдүн бири өзүнүн аялы менен урушуп, чыр-чатак кол көтөрүүгө чейин жеткен.
Башка жүргүнчүлөр аялга болушуп, ошол учурда коркуп ыйлап жаткан баланы тынчтандырууга аракет кылышкан. Бирок мас жаран аларга да агрессия көрсөтүп, мушташ чыгарган.
Күбөлөрдүн айтымында, кырдаал курчуп, жүргүнчүлөр конгонго чейин тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшүшкөн.
Учуу ийгиликтүү аяктагандан кийин мыйзам бузган жүргүнчүнү Бишкек аэропортунда укук коргоо органдары тосуп алышкан.