Бишкектеги «Биримдик-Кут» жаңы конушунда 750 орундуу мектеп курулат

Бишкектин, Лебединовка муниципалдык аймактык башкармалыгы «Биримдик-Кут» жаңы конушунда жалпы билим берүүчү мектептин курулуш долбоорун даярдады.
Мэриянын маалыматына ылайык, мектептин жалпы аянты 8 705,16 м² жана үч кабаттуу «А» жана «Б» окуу блокторунан турат.
Учурда мектептин жоктугуна байланыштуу, ошондой эле жакын жайгашкан «Айкөл» жаңы конушунда мектеп жок болгондуктан, бала бакчадагы жана мектеп курагындагы балдарды ата-энелер Бишкек шаарынын жана Лебединовка айылынын мектептерине ташууга аргасыз. Бул транспорт чыгымдары жана убакыттын көп кетиши тургундардын нааразылыгын жаратып келет.
Мектеп курулганда, «Айкөл» жаңы конушундагы окуучулар үчүн орун пайда болуп, Чыгыш жана Дачное айылдарындагы толуп кеткен мектептердеги абал жеңилдетилет.
Азыркы учурда долбоордук-сметалык документация толук даяр жана мектеп Сауд Өнүктүрүү Фонду каржылаган «Мамлекеттик мектептерди куруу (Фаза II)» долбоору боюнча курулат. Курулуш 2026-жылы башталып, 2 жылда аяктайт.