Кыргызстан менен Түштүк Кореянын улуттук музейлери кызматташат

11.09.2025 | 14:06

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Түштүк Кореяга болгон иш-сапарынын алкагында Кореянын улуттук музейинин директору Юхоң Жун менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн музей иши боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, өз ара тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүшкөн.

Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Кореянын улуттук музейинин ортосундагы тыгыз кызматташуу музей тармагын өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү тереңдетүүгө жана көргөзмөлөрдү уюштурууда жаңы ыкмаларды колдонууга өбөлгө болорун белгилеген.

Тараптар мындан ары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, көргөзмө алмашуу жана адистер үчүн окутуу программаларын уюштурууну макулдашышкан.

Scroll to Top